УКМК кызматкерлери ок атуу боюнча байгелүү орундарды алышты

9-март, 2022-ж. / Редакция / Спорт 55

Казакстандын практикалык атуу ассоциациясы 4-6-мартта Almaty Open 2022 IV республикалык тапанчадан ок атуу боюнча эл аралык мелдеш уюштурду .Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Казакстан, Россия, Германия жана Кыргызстандын спортчулары катышкан.

Спортчулар көнүгүүнүн 13 түрү боюнча күч сынашты. Мелдештин форматы ок атуучулардын жекече чеберчилигине жана калыстардын объективдүүлүгүнө таянып, куралдын ар кандай түрлөрү боюнча жеке жана командалык мелдеште жеңүүчүлөрдү аныктоо болгон.

Мелдештин жыйынтыгында УКМКнын атайын багыттагы жоокерлери экинчи жана үчүнчү байгелүү орундарды алышты.

9-март, 2022-ж. / Редакция / Спорт 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X