Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар менен жолугушууларды улантууда. Бүгүн, 11-январда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгында жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин директорлору жана ооруканалардын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү. Жыйынга 400гө жакын адам катышты. Буга чейин мындай жолугушуулар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өткөн. Атайын кызматтар чогулгандарды статистикалык маалыматтар жана 2020-2024-жылдар аралыгындагы коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча иштердин жыйынтыгы менен тааныштырды. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге коррупция үчүн жаңы жазалар тууралуу эскертилди.