УКМК: Милиция кызматкерлери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалышты
Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү менен ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап пара алуу») боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында 2022-жылдын 28-апрелинде Сокулук РИИБнын тергөөчүсү М.Э., жана ыкчам кызматкери У.И., кармалды.
УКМКга буга чейин КРнын А.Ж., аттуу жараны сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткан Сокулук районунун ИИБ кызматкерлерине чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.
Апрель айынын башында Сокулук РИИБне А.Ж., карата уурулук фактысы боюнча арыз келип түшкөн, аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамынын жок экендиги аныкталган. Бирок, Сокулук районунун милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн ар кандай шылтоолорду айтып 50 миң сом акча каражатын талап кылышкан.
