УКМК террордук иштерге катыштыгы бар чет өлкөлүк жаранды кармады

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 28

Кыргызстандын ичинде террордук ишмердүүлүк жүргүзүүгө катыштыгы бар деп изделип жүргөн 57 жаштагы М.М.Ф. аттуу чет өлкөлүк кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, чет жердик жаран өлкөгө мыйзамсыз кирген.
«М.М.Ф. Кыргызстандын аймагында эл аралык террордук уюмдардын идеяларын жайылтуу менен алектенген. Ошондой эле жарандарды тыюу салынган уюмдарга азгырып келген», — деп айтылат маалыматта.
1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X