УКМКнын академиясы курсанттарды кабыл алууну баштайт

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин А.К. Бакаев атындагы академиясы беш жылдык окуу мөөнөтүнө курсанттарды кабыл алууну баштайт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, документтер 2026-жылдын 2-февралынан 27-февралына чейин кабыл алынат.

Академияга тапшырууну каалагандар 17-21 жашта, бою 1,7 метрден узун, салмагы кеминде 60 кг болушу керек.

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар тууралуу толук маалымат УКМКнын www.gknb.gov.kg расмий сайтында жарыяланган.

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X