Украинада өзгөчө абал режими киргизилет
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши Жогорку Рададан Донецк жана Луганск облустарынан башка өлкөнүн бардык аймактарына тезинен өзгөчө абал режимин киргизүүнү сурады.
Кеңештин катчысы Алексей Даниловдун билдиришинче, Донецк жана Луганск облустарында Бириккен күчтөрдүн операциясы жүрүп жатат, андыктан ал жакта өзгөчө укуктук режим бар.
Белгилей кетсек кечээ, 23-февралда Украинада резервдеги аскерлерди чакыруу башталган. Ага офицерлерден тартып сержант курамындагы 18ден 60 жашка чейинки атуулдар кирет.
Эске салсак, Украин бийлиги жарандардан Россияга баруудан карманууга жана ал жактагы украиндерди өлкө аймагынан тезинен чыгып кетүүгө чакырган.