Украинадагы кыргызстандыктар өлкөдөн чыга башташты

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 39

Украинадагы кыргызстандык жарандар өлкөдөн чыга башташты. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов билдирди.

Эл өкүлү КР Тышкы иштер министрлигине кайрылып, жарандар менен тезинен байланыш түзүү керектигин айтты.

«Украинадагы биздин жарандарыбыз телефон чалып, Кыргызстандын элчилиги менен байланыша албай жаткандарын билдиришүүдө», — деди Маткеримов.

Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген соң, Украинада абал тезинен курчуп кеткен. Владимир Путин украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырган.

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X