Улан Маматканов эки райондогу социалдык мекемелерди кыдырды

26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы бир катар социалдык мекемелерге барды.

Улан Маматканов Сузак районунун Багыш айылында жайгашкан № 36 кесиптик лицейдин иши менен таанышып, Октябрь айылындагы улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык мекемеге барды.Ошондой эле ал Багыш айыл аймагындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепке жана бала бакчага барды.Возможно, это изображение один или несколько человек и больница

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары 500дөн ашык окуучу билим алган Х. Кенжаев атындагы № 30 мектептин абалын карап чыкты. Мектеп жетекчилиги кошумча имарат куруу жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

Андан соң ал Сузак райондук аймактык ооруканасына барды. Бул медициналык мекеме жаңы имаратка, ошондой эле жабдууларын жаңыртууга муктаж.

Базар-Коргон районунда Улан Маматканов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция райондук бөлүмүнө барып, анын ишинин уюштурулушу жана калкка социалдык кызмат көрсөтүү жараяны менен таанышты.
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, костюм, отдел новостей и текст
Бул сапарлардын жүрүшүндө мекемелердин инфраструктурасы менен жайларынын абалына, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына, билим берүү жана медициналык жардам көрсөтүү шарттарына, ошондой эле социалдык жардамга муктаж жарандар үчүн зарыл болгон колдоону түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мекемелердин иши текшерилгенден кийин, тиешелүү мамлекеттик органдарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын мындан ары жакшыртуу, мектеп жана оорукана үчүн кошумча имараттарды куруу маселесин карап чыгуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, ошондой эле жергиликтүү калк үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X