Улан Маматканов Ноокендеги мекемелердин абалы менен таанышты
Жалал-Абад облусу, 2026-жылдын 27-ноябры — Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ноокен районундагы бир катар социалдык объектилердин абалын текшерди.
Ал райондук тарыхый-этнографиялык музейге жана китепканага барды. Азыркы учурда бул мекемелер жайгашкан жаңы имараттын курулушу 2026-жылдын сентябрь айында аяктаган.![]()
Музей менен китепкананын материалдык-техникалык базасы белгиленген талаптарга жооп берет.
Андан соң Ноокен райондук жалпы медициналык практика борборунун иши менен таанышты. Бул мекеме жаңы имараттарга жана техникалык жабдууларын жаңылоого муктаж.![]()
Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.