Улан Ниязбеков милицияга интернет-алдамчылык жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды
Ички иштер министрлигинде 2026-жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылып, үй-бүлөлүк зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана интернет-алдамчылыктын алдын алуу маселелери талкууланды.
29-октябрда өткөн коллегиялык жыйынга ички иштер министри Улан Ниязбеков төрагалык кылды. Ага министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.
Жыйында кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын арыз-даттанууларын жеринде чечүү, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана миграция жаатындагы иштер каралды.
Ниязбеков отчеттук мезгилдеги жетишкендиктерге токтолуп, иштеги кемчиликтерди белгиледи жана аларды жоюу боюнча тапшырмаларды берди.
Министр санариптештирүүнү улантып, видеокөзөмөл системаларын кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, заманбап технологиялар коомдук коопсуздукту чыңдоого жана укук бузуулардын алдын алууга жардам берет.
Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукка жана интернет-алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүү маселелери каралды. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы ишти күчөтүү, аларды таратуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча да тапшырмалар белгиленди.
Мындан тышкары, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулду.
Коллегиянын жыйынтыгында министр ички иштер органдарынын жетекчилерине кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу жана белгиленген багыттардагы иштерди күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.