Улуттук банк 20 миллиард сомдой кирешесин өлкө бюджетине которушу ыктымал

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38
Бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде Улуттук  банктын кирешесинин 100 пайызын мамлекеттик бюджетке которуу боюнча мыйзам долбоору каралды.
Документ Улуттук банктын 2024-жылы тапкан пайдасын 100% бюджетке которууну карайт. Каражат республикалык бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө жана социалдык маанилүү чыгымдарды каржылоого жумшалат.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелис Аттокуров былтыр 2023-жылдын жыйынтыгы менен бюджетке 12 миллиард 436 миллион сом которулганын белгиледи.
«Быйыл сумма көбүрөөк болот, менимче, 20 миллиард сомдун тегереги, бирок сумма аудиттен кийин такталат. Өзгөрүп кетиши да мүмкүн», — деди Аттокуров.
Натыйжада аталган мыйзам долбоору комитетте үч окууда жактырылды.
27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X