Улуттук банк 28-февралдан бери 63 килограмм алтын куймасын сатты
Улуттук банкта 28-февралдан тартып 22-мартка чейинки аралыкта 413,3 млн сомго 63 килограмм алтын куймасы сатылды. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алтындын бардык куймаларына суроо-талап болууда.
Улуттук банк учурда 1, 2, 5, 10, 31.1035 жана 100 граммдык алтын куймаларын сатып жатат. Алтын куймасынын кору күн сайын толукталып турат.
22-марттагы расмий маалыматта бир грамм алтындын баасы 8 миң 63 сомго чыкканы айтылды.
Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 28-февралда кыргыз элине кайрылуу жасап, Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Ал эми 1-мартта алтын сатып алууну каалаган жарандардын саны көбөйгөнүн билдирген.