"Эркин-Тоо"

УЛУТТУК БАНК ФИНАНСЫЛЫК АЛДАМЧЫЛЫКТАН САК БОЛУУГА ЧАКЫРАТ

Бүгүнкү күндө коомдо финансылык алдамчылыктын кулачы кеңири жайылып бараткандыгы жашыруун эмес. Бул деструктивдүү экономикалык феномен азыркы Кыргызстан үчүн олуттуу көйгөй болуп баратат. Финансылык алдамчылык акча жүгүртүү чөйрөсүндө ( электрондук акча жүгүртүү чөйрөсүндө да) мыйзамсыз баюу максатында алдоо, ишенимге кирүү сыяктуу көз жазгыруу жолдору менен укук бузуу аракеттерин жүргүзүү болуп эсептелет. Бул республиканын жарандары үчүн бир топ коркунуч алып келүүдө. Биздин гезиттин редакциясына окурмандарыбыз, өлкөбүздүн тургундарын коомубуздан орун алып калган финансылык алдамчылыктын көйгөйлөрү, алардын алдын алуу, кантип сактануу керектиги тууралуу көптөгөн суроолор менен кайрылып жатышат. Биз алардын суроолоруна компетенттүү жана негиздүү жооп алуу үчүн КРнын Улуттук банкына кайрылганбыз. Бүгүн биз бул мекеменин басма сөз кызматы берген материалды жарыялайбыз.

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА АЛДАМЧЫЛЫКТЫ БИЛИП АЛУУ ЖОЛДОРУ

Деструктивдүү экономикалык феномен катары финансылык алдамчылыктын негизги себептери жана оңтойлуу шарттары болуп алдамчылык аракеттерди жасоого мүмкүнчүлүктөрдүн, мотивациянын жана актануунун бар болуусу эсептелет.

Аларды билип алуу жана күрөшүү үчүн финансылык сабаттуулукту, кибер сабаттуулуктужана санариптик гигиенаны жогорулатуу зарыл.

Алдамчылыктын эң кеңири тараган жолдоруна токтолобуз, муну үчүн анын типологиясын келтиребиз

ИНТЕРНЕТТЕН САТЫП АЛУУ. ИНТЕРНЕТТЕН САТУУ

Анын бир мисалы. Кардар сатуу тууралуу кулактандыруу жайгаштырат. Алдамчылар товарды сатып алганга акча которобуз деген шылтоо менен сатуучунун картынын маалыматтарын (CVV, мөөнөттүн аяктоо күнү, 3D secure, ОРТ, смс ж.б.) билип алат. Андан ары алар сатуучудан ырастоо кодун билип алган соң (ал акча которгонго керек деген шылтоо менен) картадан акчаны чыгарып кетишет. Бул схеманын башка варианты интернетте “коопсуз иш бүтүрүү” калп сервисин колдонуу болуп эсептелет. Кардар товарды же кызмат көрсөтүүнү сатуу жөнүндөгү жарыяны табат. Акчаны которот, алдамчылар акчаны алгандан кийин байланышка чыкпай коюшат.

АЛДАМЧЫЛЫКТЫН ДАГЫ БИР ТҮРҮ БУЛ ФОРМАНЫ АЛМАШТЫРЫП КОЮУ МЕНЕН ИНТЕРНЕТТЕН САТЫП АЛУУ

Бул схемалар түрдүү сайттардагы жарыялардан сатып алуу учурунда жолугат. Мында алдамчылар товарга акча которгула деп айтпайт. Тескерисинче, кардарга төлөм формасын жөнөтүшөт, анткени муну менен кардарды көбүрөөк ишендирүүгө болот. Мындай ишенимди пайдаланган алдамчылар соода түйүнүнүн аталышын алмаштырып коюшат. Кардар товар сатып алып жатам деп ойлойт. Чынында кардар акчаны картага которуп жаткан болот.

“ЖАКЫН АДАМЫҢЫЗ ООР АБАЛДА” – ДЕП КАРДАРЛАРДЫ АЛДООНУН ДАГЫ БИР ТҮРҮ БАР

Социалдык тармактарга жакын калп тууганы же досу болуп алып аварияга учурап оор абалда калгандыгы, ага тез арада акча керек болуп жаткандыгы тууралуу жазышат. Дагы бир мисал, операцияга акча жыйноо. Алдамчылар аккаунттарды талкалоо менен мына ушундай аракеттерди жасашат.

АЛДАМЧЫЛЫК ЖОЛ МЕНЕН АЛДООНУН ДАГЫ БИР МИСАЛЫ – ЖОК ЭЛЕ БАНКТЫН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНАН БОЛУП АЛУУ

Мисалы, кардарга бирөө телефон чалып, өздөрүн банктын коопсуздук кызматынан деп тааныштырышып, сиздин эсебиңизден акчаңызды которуп алууга кимдир бирөөлөр аракет жасашыптыр, сиз өзүңүздүн картыңыздын маалыматтарын, кодду бериңиз дешет. Кардар берет. Алдамчылар болсо анын картасынан акчаларын чыгарып кетишет.

АЛДАМЧЫЛЫКТЫН ДАГЫ БИР КЕҢИРИ ТАРАГАН ТҮРҮ – ЛОТЕРЕЯ ЖЕ СУРАМЖЫЛОО

Кардар интернеттен рекламаны же жарыяны көрүп, акча жасап алганга болот турбайбыдейт да лотереяга катышат же сурамжылоодон өтөт. Муну үчүн анкетаны толтуруш керек болот.Кардар ага картанын бардык маалыматтарын толтуруп жазат. Алдамчылар ал эсептен кардардын акчасын чыгарып алышат же аларды кийинки алдамчылыкка пайдаланышат.

“КООПСУЗ ЭСЕП” ДЕГЕН АЛДАМЧЫЛЫКТЫН ДАГЫ БИР ТҮРҮ БАР

Мында кардарга «сиздин карт маалыматтарыңызды билип алгандар бар экен. Ага банк кызматкерлери да аралашыптыр. Ошондуктан сиз өнөктөш банктын коопсуз банкынан чыгарып алып, аны атайын камсыздандыруу эсебине которушуңуз керек» деген телефон чалуу болот.

ФИНАНСЫЛЫК АЛДАМЧЫЛАРДЫ КАНТИП БИЛИП АЛУУГА ЖАНА ӨЗҮҢҮЗДҮ ЖАНА ЖАКЫНДАРЫҢЫЗДЫ АЛАРДАН КАНТИП КОРГОП КАЛУУГА БОЛОТ?

— Эгерде сизге, сизди тейлеген банктын кызматкеринин телефон чалуусу кандайдыр бир шектенүүнү жаратса, сиз дароо сүйлөшүүнү токтотуп, сиз менен расмий түрдө түзүлгөн келишимде же расмий булактарда көрсөтүлгөн расмий номерлерге телефон чалыңыз.

— CVV-кодду эч кимге билдирбеңиз жана картанын толук реквизиттерин толук айтпаңыздар. Бул маалыматтарды эч кимдин суроого акысы жок.

— Банктан смс менен келүүчү коддорду кимдир бирөөгө билдирбеңиз. Ошондой эле онлайн-банкингге кирүүгө камсыз кылуучу пароль менен логинди эч кимге айтпай ичиңизде сактаңыз.

— Сатып алуу акысын белгилүү сайттар аркылуу гана төлөңүз. Браузердеги даректи ар дайым текшерип туруңуз.Анткени сиз финансылык ресурстар жана анын кантип иштеп жатканын билесиз.

— Өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды коргогонго көңүл буруп мамиле жасаңыз. Сиз тууралуу маалыматтарды алдамчылардын алуусу канчалык татаал болсо, аларга сиздин картаңыздагы акчаны алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук аз болот.

— Белгисиз шилтемдер тарапка өтпөңүз жана шек туудурган телефон номерлерине кайрадан чалбаңыз. Эгерде берилген шилтеме сизге көрүнүп турган болсо да ар дайым уюмдун сайттарынан даректерди аттары менен салыштырып көрүңүз. Расмий маалыматтамадан да номерлерди текшерип көрүңүз.

— Эгерде сизге акча которулгандыгы тууралуу смс ( жана банктын адаттагы билдирүүсүнө окшогон квитанция ) келип түшсө, андан соң адашып акча которуп койгонун, аны кайтарып берүүнү өтүнгөн “жаңылышып” калган киши телефон чалып калса, акчаны кайтарып берүүгө ашыкпаңыз. Мындай кырдаал алдамчылык схемасына абдан окшош, акча сизге келип түшкөн эмес. Смс сизди тейлеген банктан келген эмес. Сизге алдамчы телефон чалган. Сиз белгисиз бирөөгө акча которгондон мурда өзүңүздүн банк эсебиңизди текшерип көрүңүз, онлайн-банктан көчүрмөнү сураңыз же банкка телефон чалыңыз.

— Эгерде сизге “сатып алганыңызды ырастаңыз” деген билдирүү же код келсе , андан соң кайрадан эле “жаңылышып” калган бирөө телефон чалып, жаңылышып сиздин телефонуңузду көрсөтүп койгонун айтып, сиздин кодуңузду сураса, эч убакта кодду айтпаңыз. Алдамчылар эсебиңизден акчаны чыгарып алыш үчүн сиздин кодуңузду билип алгысы келип жатат же сизге акча төлөнүүчү жараксыз сервиске кол койдуруп алгылары келүүдө.

— Маалыматтарыңызды компьютерде же смартфондо сактабаңыз. — Маалыматтарды текшерип жүрүңүз. Эгерде сизге бирөө “сиз бирдеме утуп алдыңыз же сиздин картыңыздан кокусунан акча чыгарылып алыныптыр, операцияны токтотуш үчүн сиздин маалыматтарыңыз керек” дешсе сиз сүйлөшүүнү дароо токтотуңуз жана картада көрсөтүлгөн телефон номер боюнча банкка телефон чалыңыз.

— Эгерде сизге сиздин жакыныңыз же досуңуз оор абалда деген телефон чалуу болсо, сиз жакындарыңыз менен тез арада байланыш жасоого аракет жасаңыз. — Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын компьютерине антивирус орнотуңуз.

ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОРГОНУУНУН МЕТОДДОРУ

— Жаңы карта алган учурда интернет төлөмдөрүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн, эгерде сизге мындай кызмат көрсөтүү керек эмес болсо өчүрүлгөндүгүн текшерип көрүңүз.

— Интернет кызматын пайдалануу учурунда төлөмдөрдү картанын эсебине өзүңүз пайдалана турган гана суммага толтуруңуз.

— Банк карталарын пайдалануу учурунда лимиттерди (күнү, айы ж.б.) коюу зарыл.

— Акча каражаттарын санкциясыз алып салууга шектенүү болгон учурда тез арада банкка кайрылуу жана мындай абалга түшүндүрмө алганга чейин картаны блокировкалоого сураныч жөнөтүү зарыл, андан соң, бул инцидент боюнча ички текшерүүнү жүргүзүү максатында банкка арыз менен сөзсүз кайрылуу керек болот.

— Санкциясыз акчаны алып койгону аныкталган жана банктын ички териштирүүсүнүн жыйынтыктарын алган учурда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу зарыл.

— Бул жөнөкөй эрежелерди улгайып калган адамдарга жана өспүрүмдөргө түшүндүрүп коюңуздар. Буларды так жана туруктуу сактоо менен сизге каршы колдонула турган финансылык мүнөздөгү алдамчылык аракеттерден сактана аласыз.

№104 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-ноябры
Даярдаган Абдимухтар АБИЛОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!