Улуу Британиянын премьер-министри үйлөндү

Улуу Британиянын Премьер-министри Борис Джонсон ишемби күнү тандаган жары Кэрри Саймондске купуя үйлөнүп, жубайлардын никелешүүсү Вестминстер чиркөөсүндө өттү. Британиялык бир нече басылмалардын маалыматтарына ылайык, никелешүүгө анын жакын достору жана туугандары катышты. Никелешкен жубайлар өткөн жылы Уилфред аттуу уулду болушкан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X