«Улуу тоолор баяны»: 68 көркөм чыгарма жаралып, авторлор сыйланды
Кыргызстандын сүрөтчүлөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Улуу тоолор баяны» долбоорунун алкагында 68 көркөм чыгарма жаратышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, долбоордун катышуучулары менен 25-сентябрда министрликте жолугушуу өтүп, анда иштин жыйынтыгы жана аны мындан ары өнүктүрүү багыттары талкууланды.
«Улуу тоолор баяны» долбоору Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы музейинде уюштурулган. Анын алкагында 45 май боёк картинасы, 16 травертин жана 7 кум скульптурасы жасалган.
Долбоор көчмөн маданиятынын философиясын, эстетикасын жана тарыхый мурасын заманбап искусство аркылуу чагылдырууга багытталган. Жаратылган эмгектердин бир бөлүгү музейге белекке берилди.
Жолугушуунун соңунда министр Мирбек Мамбеталиев долбоорго активдүү катышкан чыгармачыл топторго жана авторлорго сыйлыктарды тапшырып, алардын Көчмөндөр оюндарынын маданий программасына кошкон салымын белгиледи.