«Унаа оодарылып кеткен». 19 жаштагы бала жол кырсыгынан каза болду
Чүй облусунда 19 жаштагы бала жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-июнда саат 07:40 чамасында 2003-жылы туулган Н.У. Бишкек – Ала-Арча унаа жолунда “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унааны катуу ылдамдыкта айдап келе жатып 4-чакырымда рулду башкара албай, жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Андан кийин унаа оодаралып кеткен.
Кырсыктан улам айдоочу окуя болгон жерде каза болгон.