Унаа тейлеген борборлордун иштөө убактысы айтылды
Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик филиалдарынын иш графигине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. Маалым болгондой, 31-декабрда мамлекеттик агенттиктин бардык аймактык башкармалыктары саат 17:00гө чейин иштейт.
2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин бардык аймактык башкармалыктары иштебейт. 8-январдан тарта иш кадимки режимде улантылат.