Унаанын номерин жана техпаспортун үйдөн чыкпай алууга болот

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112

Кыргызстанда транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматы толугу менен аралыктан көрсөтүлө баштады. Эми жарандар мамлекеттик номерин жана техпаспортун алуу үчүн каттоо бөлүмүнө барып, кезек күтүүгө мажбур болбойт.

Бүгүн Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда мамлекеттик номерлерди жана техпаспортторду жарандар көрсөткөн дарекке жеткирүү кызматынын бет ачары өттү.

Жаңы кызматты Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбор «Кыргыз почтасы» ААК менен биргеликте ишке ашырууда.

Алгачкы этапта кызмат Бишкек шаарында пилоттук режимде, унааны кайра каттоо учурунда жеткиликтүү болот.

Жарандар «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кайра каттоодон өтүп жатканда документтерди жеткирүү кызматын тандай алышат. Эгерде унаа ээси мурдагы мамлекеттик номерин сактап калса, техпаспорт гана жеткирилет. Ал эми номерин алмаштырган жарандар жаңы мамлекеттик номерди жана техпаспортту чогуу буюртма бере алышат.

Даяр документтер жана мамлекеттик номерлер «Кыргыз почтасынын» кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенден кийин төрт сааттын ичинде көрсөтүлгөн дарекке жеткирилет.

Жеткирүү кызматынын баасы аралыкка жараша эсептелип, өзүнчө төлөнөт.

Белгилей кетсек, жаңы кызмат жарандардын убактысын үнөмдөөгө, кезек күтүүнү жоюуга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X