Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда келе жаткан ишемби, 11-январь иш күнү болот,-деп эскертти. Мындай чечим дем алыш жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган. Бул ишемби 2-январдагы эс алуу үчүн иш күнү болот. 24-февралда жана 10-мартта кыргызстандыктар дагы эки жаңы жылдык дем алыш күндөрүнүн ордун толтурат.