Уюлдук телефондор каттоодон өтөт
Кыргызстанда уюлдук телефондор каттоодон өтөт. Бирок ал үчүн 700 сом акы алынбайт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен маалымдашты.
Өкмөт мобилдик каражаттарды идентификациялоо иштеринин жүрүшүн өлкөгө кирчү контрабандалык товарларга каршы күрөшүү менен түшүндүрүүдө. Ошондой эле бул ыкма бизнестин көмүскөдөн чыгуусуна жардам берет,-делет.
Эскерте кетсек, буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлиги уюлдук телефонду акы төлөп каттоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койгону айтылган. Көп өтпөй мекеме мыйзам долбоорунун сунушталган вариантынын негиздемеси ЖМК өкүлдөрү тарабынан туура эмес чечмеленгенин айтып, эч кандай акы төлөнбөй турганын билдирген.