Ветеринардык лаборатория курулууда
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борборунда жаңы лабораториянын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда имараттын пайдубалы толугу менен бүткөрүлдү. Ал үч кабаттан туруп, эл аралык стандарттарга жооп берген лабораториялык жабдуулар менен камсыздалат. Имаратта ветеринардык дары-дармектердин жана тоют кошулмаларынын сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун көзөмөлдөнөт.
Лабораторияны курууга республикалык бюджеттен 153 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, объектти пайдаланууга берүү 2026-жылдын аягына пландалууда.