VI ДКО: Салбуурун мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2-5-сентябрь күндөрү Кырчын капчыгайындагы Спорт шаарчасынын аймагында салбуурун боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Оюндардын программасына төмөнкүлөр киргизилген:
куш салуу (ителги менен аңчылык кылуу);
тайган жарыш;
далба ойнотуу (шумкар менен аңчылык кылуу);
бүркүт салуу;
ат үстүндө салттуу жаа атуу (кыргыз стили);
ат үстүндө салттуу жаа атуу (венгер стили);
жаа атуу (түрк эрежеси);
жаа атуу (кыргыз эрежеси).
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Бүркүт салуу мелдешине 8 өлкөдөн 18 катышуучу катышты.
Бүркүт салуу:
1. Абдыкадыров Түгөлбай (Кыргызстан) — 50 000 сом
2. Кушкаров Арман (Казакстан) — 40 000 сом
3. Шамурат уулу Бакыт (Кыргызстан) — 30 000 сом
Далба ойнотуу мелдешине 5 өлкөдөн 10 катышуучу катышты.
Далба ойнотуу:
Далба ойнотуу:
1. Шамурат уулу Бакыт (Кыргызстан) — 50 000 сом
2. Бабажан Бакдөөлөт (Казакстан) — 40 000 сом
3. Кенжетаев Эрлан (Казакстан) — 30 000 сом
Куш салуу мелдешине 4 өлкөдөн 10 катышуучу катышты.
Куш салуу:
1. Жалгасулы Серикболсун (Казакстан) — 50 000 сом
2. Кудайбердиев Адылбек (Кыргызстан) — 40 000 сом
3. Бактыбек уулу Тойлубай (Кыргызстан) — 30 000 сом
Тайган жарыш мелдешине 4 өлкөдөн 11 катышуучу катышты.
Тайган жарыш:
1. Курбанов Равшанбек (Өзбекстан) — 50 000 сом
2. Жолдошов Чаткалбай (Кыргызстан) — 40 000 сом
3. Керимов Азизжан (Өзбекстан) — 30 000 сом
Салттуу жаа атуу (Кыргыз Республикасынын эрежеси боюнча) мелдешине 51 өлкөдөн 211 адам катышты. Мелдеш эркектер жана аялдар арасында өттү.
Жаа атуу (кыргыз эрежеси):
Эркектер арасында:
1. Джунусов Алмаз (Кыргызстан) — 50 000 сом
2. Эмилбек уулу Нурсултан (Кыргызстан) — 40 000 сом
3. Кочка Ласло (Венгрия) — 30 000 сом
Аялдар арасында:
1. Галымжанова Асемгул (Казакстан) — 50 000 сом
2. Айкоркем Батихкан (Казакстан) — 40 000 сом
3. Спиридонова Клара (Орусия) — 30 000 сом
Салттуу жаа атуу (Түрк эрежеси) мелдешине 51 өлкөдөн 211 адам катышты. Мелдеш эркектер жана аялдар арасында өттү.
Жаа атуу (түрк эрежеси):
Эркектер арасында:
1. Джунусов Алмаз (Кыргызстан) — 50 000 сом
2. Бат-Эрдэнэ Ганзориг (Монголия) — 40 000 сом
3. Сессигюзел Али (Казакстан) — 30 000 сом
Аялдар арасында:
1. Кабдоллаева Аяш (Казакстан) — 50 000 сом
2. Садырова Асель (Кыргызстан) — 40 000 сом
3. Спиридонова Клара (Орусия) — 30 000 сом
Ат үстүндө жаа атуу (Венгер стили) мелдешине 32 өлкөдөн 160 спортчу катышты.
Ат үстүндө жаа атуу (Венгер стили):
Эркектер арасында:
1. Рафаэль Мале (Франция) — 50 000 сом
2. Вермеш Балаж (Венгрия) — 40 000 сом
3. Абзал Тулыбеков (Казакстан) — 30 000 сом
Аялдар арасында:
1. Ханна Декшеи (Венгрия) — 50 000 сом
2. Ыксан Аружан (Казакстан) — 40 000 сом
3. Мэйвэнь Линь (Кытай) — 30 000 сом