ВИЧ, кургак учук, баңгизат: Россия мигранттарды текшерет

23-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

Россияга барган кыргызстандыктар өлкөгө киргенден кийин 30 күндүн ичинде ВИЧ, кургак учук жана башка жугуштуу ооруларга, ошондой эле баңгизат колдонууга текшерүүдөн өтүшү керек.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бөлүм башчысы Эркин Каримов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Россияда чет өлкөлүк жарандарды медициналык кароодон өткөрүү талаптарына өзгөртүүлөр киргизилген.

Жаңы талаптарга ылайык, мигранттар алгач жугуштуу ооруларга, анын ичинде ВИЧ-инфекциясына жана кургак учукка текшерилет. Мындан тышкары, баңгизаттарды колдонгондугун аныктоо үчүн да медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.

23-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X