Япония Кыргызстанга ГЭС курат

17-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54

Кыргызстанда Япониянын каржылык колдоосу менен эки кичи ГЭС курулат.  Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.  Станциялар Чоң-Кемин дарыясында жайгашат. Долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Кичи ГЭСтердин кубаттуулугу 25 мегаваттан болот. Андан тышкары, Япония Баткен облусунда кубаттуулугу 100 мегаваттка жеткен күн электр станциясын курууга кызыктар. Аталган долбоорлорго 100 миллион долларга чейин инвестиция салынат деп күтүлүүдө.

17-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X