"Эркин-Тоо"

«Ынтымак» фракциясы экономика, бажы, өнөр жай тармактары боюнча маселе көтөрдү

Бүгүн, 15-апрелде, Жогорку Кеңеште «Ынтымак» фракциясынын демилгеси менен лидери Марлен Маматалиев жетекчилик кылган жыйын болуп, үч чоң маселе каралды.

Биринчиси — КР Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин 2022-2024-жылдарга стратегиясы, экинчиси — салык, бажы төлөмдөрү, үчүнчүсү — жеңил өнөр жайлары жөнүндө. Биринчи маселе боюнча Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин катчысы Нурипа Муканова коррупциянын экиге бөлүнөөрүн: системдүү жана аргасыз коррупция чырмалышканын, коррупцияга каршы аракеттенүү чаралары жөнүндө айтып, суроолорго жооп берди.

Экинчи маселе боюнча КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов, Финансы министринин биринчи орун басары Ильяз Иманбетов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушевалар 2021-жылга жана 2022-жылдын биринчи кварталына бюджетке бажы жана салыктык түшүүлөр жөнүндө маалымат беришти. Бажы жана салык төлөмдөрү мурдагы жылдарга караганда кыйла жогору түшүп жаткандыгы айтылды.

Үчүнчү маселе боюнча жыйынга «Легпром» жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов жана Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов маалымат берип, жыйынга чакырылган жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери Бурма Раева, Диля Дүйшөбаева, Зафар Сулайманов, Венера Калыбаева, Айнура Осмоналиевалардын суроолоруна жооп беришти. Ишкерлер «Мадина» базары, келип жаткан кездемелер, көйгөйлөрү жөнүндө айтышты.

Ишкана жетекчилери жана айрым журналисттер «Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиевге ишкерлер менен чиновниктерди бир аянтчада жолуктуруп, суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Жыйындын аягында 8 пункттан турган чечим кабыл алынып, «Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиев талкууланган маселелерди Парламенттин жалпы жыйынында талкууга алып чыгарын айтты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!