Ысык-Көлдүн тургуну бир нече ок, ок атуучу курал жана баңгизаттарын катып жүргөн — ФОТО

25-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 63

Ак-Суу районунун Бөрүбаш айылында ок атуучу куралдар жана баңгизаттарды сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына, Ак-Суу районунун айылдарынын биринде жашаган жаран өзүнүн үйүндө ар кандай ок атуучу куралдарды жана ок даарыларды сактап жүрөрү маалымдалган.

Бул маалымат Ысык-Көл ОИИБдин КБРне  катталып, кылмыш-жаза кодексинин 267 (Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Натыйжада, Ак-Суу районунун Бөрүбаш айылынын 1973-жылкы А.Р. экендиги аныкталган. Ал  азыркы учурда Ак-Суу районундагы Лесхоз “Кардон”  аймагында жашап жаткан.

Каракол шаардык  сотунун токтомунун негизинде,  аталган жарандын үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1 даана 12 калибрдеги,  1 даана 16 калибрдеги, 1 даана 16 калибрдеги ок атуучу куралдар  жана автоматтын  5,45 мм  калибрдеги 5 даана жана  7, 62 мм калибрдеги 5 даана октору,  14 даана 16 калибрдеги,   24 даана  12 калибрдеги   патрондор жана 2 даана оптикалык приборлору табылып алынды.

Мындан сырткары, баңгизат өсүмдүгүнө окшош жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кочкул күрөң суюктугу менен суюлтулган зат табылган. Ошондой эле, чөпкананын чатырынын алдынан  эки полимердик каптын  ичине салынган баңгизатына окшош  жапайы өскөн кендирдин өзгөчө жыты менен кургатылган  өсүмдүк табылып алынган.

Экспертизанын жыйынтыгы менен, алынган өсүмдүк, кургатылган марихуана баӊгизатына кирери  жана жалпы салмагы 8 килограмм 875  грамм экендиги аныкталган.

Ал эми, алынган курал ички иштер органында катталбагандыгы белгилүү болду. Бул боюнча, соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

25-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X