Ысык-Көл облусундагы «Отель Евразия» ишканасына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, анын баасы 729 миллион 682 миң сом деп бааланган.
УКМК Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан «Бермет» мамлекеттик пансионатынын (азыркы «Отель Евразия» эс алуу борбору) жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз жол менен өткөрүүгө байланышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.