Ысык-Көлгө электромобиль кубаттоочу 10 станция орнотулат
Энергетика министрлиги «Чакан ГЭС» ААК Ысык-Көл облусуна электромобиль кубаттоочу 10 станция орнотуларын кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда жер тилкелерин ижарага алуу боюнча зарыл документтер даярдалууда. Заряддоо станциялары Балыкчы шаарында — 2, Бөкөнбаев, Кызыл-Суу айылдарында — 1ден, Каракол шаарында — 2, Түп айылында — 2 жана Чолпон-Ата шаарында — 2 жер тилкесине орнотулат. Документтер толук бүткөндөн кийин курулуш-монтаждоо иштери башталып, объектилерди быйыл пайдаланууга берүү пландалууда.
Долбоор экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүүгө, аймактын туристтик жана транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.