Ысык-Көл облусунун прокурору болуп Абдибакыт Халмурзаев дайындалды
Бул тууралуу Ысык-Көл облустук прокуратура билдирди. Жаңы прокурор бүгүн, 25-майда коллективге тааныштырылган. Эске салсак, Халмурзаев өкмөттүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.