Ысык-Көл менен Алтай туризм жана бизнес тармагында кызматташууну күчөтөт

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78

Ысык-Көл облусу менен Орусиянын Алтай Республикасы кызматташтыкты кеңейтет. Тиешелүү келишимге Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Алтай Республикасынын өкмөтү кол койду.

Документ соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Тараптар бизнес байланыштарды бекемдеп, делегация жана адистер менен алмашууну, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү макулдашты.

Мындан тышкары билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт жана туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү пландалууда.

Ошол эле учурда Каракол менен Горно-Алтайск шаарлары да өзүнчө кызматташтык келишимин түзүштү. Тараптар тажрыйба алмашып, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө.

Келишимдерге Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Алтай Республикасынын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Эжер Малчинов, Каракол шаарынын вице-мэри Тагаи Абдысатаров жана Горно-Алтайск шаарынын мэри Ольга Сафронова кол коюшту.

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X