Ысык-Көлдө 250 чет элдик журналист Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууда
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө таанытуунун чоң аянтчасына айланды. Учурда Ысык-Көлдө 250 чет элдик журналист оюндарды жана өлкөнүн маданияты менен жаратылышын чагылдырып жатат.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга келген чет элдик журналисттер өзгөчө Кырчын жайлоосундагы этношаарчага кызыгып жатышат.
«Алар этношаарчаны биринчи жолу көрүп, абдан таң калышууда», — деди Сарногоева.
Журналисттер үчүн Чолпон-Атада жана Кырчын жайлоосунда эки пресс-борбор иштеп жатат. Медиа өкүлдөрү интернет, транспорт жана башка зарыл шарттар менен камсыздалган.
Министрдин орун басарынын маалыматына караганда, оюндарды миллиондон ашык катталуучусу бар чет элдик блогерлер жана медиа амбассадорлор да активдүү чагылдырууда.