Ысык-Көлдө ак илбирстерди изилдеп, дарылоочу «Ак Илбирс» борбору ачылды

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында «Ак Илбирс» илимий-изилдөө жана реабилитациялык борборунун ачылышына катышты.

Касымалиев борбор ак илбирсти жана жапайы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү башка түрлөрүн сактоого маанилүү салым кошорун белгиледи.

Борбордо илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, жаныбарларга ветеринардык жардам көрсөтүлөт жана аларды калыбына келтирүү иштери уюштурулат. Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо багытында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү пландалууда.

Долбоордун негизги максаты — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жоголуп кетүү коркунучунда турган ак илбирстин популяциясын коргоо. Анда сейрек кездешүүчү жаныбарларды изилдөө, алардын генетикалык ар түрдүүлүгүн сактоо жана санын калыбына келтирүү боюнча чараларды иштеп чыгуу каралган.

Касымалиев борборду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн Рустам Миннихановго ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Татарстан ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөнүн маанисин белгиледи.

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X