Ысык-Көлдө электр эсептегичтерин жаңылоо аяктап калды

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 90

Ысык-Көл облусунда электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган системасын киргизүү иштери дээрлик аяктады. Бүгүнкү күнгө карата 121 миң 460 абонентке акылдуу эсептегич орнотулду. Бул жалпы абоненттердин 98 пайызын түзөт.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын маалыматына ылайык, облуста жалпысынан 124 миң 429 турмуш-тиричилик абоненти бар. Учурда эсептегичтер убактылуу жашоочулары жок үйлөргө, ошондой эле Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы алыскы мал чарба кашарларына орнотулуп жатат.

Жаңы эсептегичтер электр энергиясынын сарпталышын автоматтык түрдө каттап, маалыматтарды онлайн режиминде өткөрүп берет. Натыйжада абоненттер «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу үйүнөн чыкпай эле электр энергиясы боюнча эсептелген сумманы көрүп, төлөм жүргүзө алышат.

Мындан тышкары, жаңы система электр энергиясын эсепке алуунун тактыгын жогорулатып, кол менен жүргүзүлүүчү иштерди кыскартат. Бул абоненттерге көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга да шарт түзөт.

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу электр тармактарын модернизациялоонун алкагында жүргүзүлүүдө.

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X