Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — юстиция министри Аяз Баетов журналисттер менен болгон жолугушуусунда “Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик органдар менен коомчулуктун ортосундагы байланышты чыңдоого өбөлгө түзөрүн билдирди.
Анын айтымында, долбоор министрликтерге жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтарды жарандарга ыкчам жана жеткиликтүү форматта сунуштоого шарт түзөт. Ошондой эле бул демилге мамлекеттик башкарууда ачыктык жана жоопкерчилик принциптерин бекемдөөгө багытталган.
Баетов белгилегендей, бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттик орган коомчулук менен ачык иш алып барып, так маалымат берүү милдетин биринчи орунга коюшу керек.
“Жарандардын ишенимин арттыруу үчүн мамлекеттик органдар дайыма ачык диалог жүргүзүүгө тийиш. “Ачык кабинет” долбоору ушул максатты ишке ашырууга көмөкчү болот”, — деди Юстиция министри.