Юстиция министрлиги калкка акысыз укуктук жардам көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” акциясы аркылуу калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча ишти жандандырды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Аймактык мамлекеттик органдардын адистеринен түзүлгөн мобилдик топтор 14–июндан баштап Ош облусунун калктуу конуштарына бара башташты. 21-июндан баштап Нарын облусуна жана 13-июлдан баштап Чүй облусуна барышат.

Адистер менен болгон калктын жолугушуулары бекитилген графиктерге ылайык, өлкөдө коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу баардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен айыл өкмөтүнүн базасында жүргүзүлөт.

Жарандар жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик, жер укуктары боюнча, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо жана башка укуктук маселелери боюнча акысыз консультацияларды ала алышат.

Учурда “Тилектештик Автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман, Нурдар, Жаңы-Малаа жана Кызыл-Кыштак айылдарынын 85 жаранына акысыз укуктук жардам көрсөтүлдү. Жолугушуу Нариман айыл өкмөтүнүн имаратында болду.

Жергиликтүү тургундар негизинен мүлктү мурастоо, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, паспорт алуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка маселелер менен кайрылышты.

2021-жылдын 15-июнунда “Тилектештик Автобусу” Ош облусунун Кара-Суу районунуна Мады айылына барат.

Ош облусу боюнча “Тилектештик автобусунун” чыгуу графиги менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот: http://minjust.gov.kg/ky/content/1575

Нарын облусу боюнча “Тилектештик автобусунун” графиги менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот: http://minjust.gov.kg/ky/content/1574

Чүй облусу боюнча “Тилектештик автобусунун” графиги менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот: http://minjust.gov.kg/ky/content/1573

15-июнь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X