"Эркин-Тоо"

Заманбап электробустарды алууга багытталган макулдашуунун долбоору каралды

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралды.

Долбоордун алкагында  Азия өнүктүрүү банкынын жөнөкөй капиталдык ресурстарынан 25 млн АКШ доллары өлчөмүндө  жеңилдетилген кредит жана атайын фондусунун ресурстарынан 25,65 млн АКШ доллары  өлчөмүндө  грант алуу пландалууда. Кредит 32 жылга, анын ичинде  8 жылдык  жеңилдетилген мезгил. Жеңилдетилген мезгил ичинде жылына 1%,  калган мөөнөт ичинде  жылына 1,5% өлчөмүндө пайыздык  коюм менен берилет. Долбоордун жалпы наркы 59,55 млн АКШ доллары өлчөмүндө бааланып, анын ичинен  85%ын Азия өнүктүрүү банкы каржылайт.

Ал эми төлөнүүгө тийиш болгон салыктык жана бажы алымдарынан бошотуу түрүндө мамлекет тарабынан берилүүчү тең каржылоо болжол менен 8,9 млн АКШ долларын түзөт.

Тагыраагы, 120дан кем эмес заманбап электробустарды, жай жана тез кубаттандыруучу инфраструктураны даярдоо жана монтаждоо, электробустарды тейлөө үчүн жабдууларды камсыздоо, үч жылдык мезгилге зарыл запастык бөлүктөрдү жана бир эвакуатор сатып алуу каралууда.

Долбоорго ылайык, бардык электробустар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, улгайган жүргүнчүлөрдүн, аялдардын жана калктын аярлуу катмарынын  керектөөлөрүн канааттандыруу менен жалпы жеткиликтүүлүктү камсыздоочу универсалдуу дизайн элементтерин, ошондой эле коопсуздук иш-милдеттерин —  камера жана чакыруу кнопкаларын өзүнө камтуусу кажет.

Талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов долбоорду ишке ашырууга ата мекендик өндүрүшчүлөрдү тартуу зарыл экенин айтып, ага байланыштуу мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштады. Бирок комитет мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн колдоосу менен мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!