Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган кароо сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

17-октябрь, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Маданият 25
Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн өткөн сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калыстар тобунун чечими менен Бакыт Акматов баш байгени утуп, 250 миң сом акчалай сыйлыкка татыды.
Ал эми 1-орунду Турдукан Сарбанова 160 миң сом, 2- орунга Калыбек Турганов 120 сом, 3- орунду Улукбек Токтоболот уулу 100 миң сом акчалай байгеге ээ болушту.
Андан тышкары калган катышуучуларга кызыктыруучу акчалай сыйлык тапшырылды.
Жеңүүчүлөргө байгелерди төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаев өзү жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев, калыстар тобунун төрагасы, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов баштаган белгилүү инсандар тапшырышты.
Иш-чарада Алтынбек Максутов Замирбек Үсөнбаев атындагы кароо сынакты быйылкы жыл менен гана токтотуп койбостон, мындан ары жыл сайын өткөрүп турууну өз көзөмөлүнө алаарын белгиледи.
17-октябрь, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Маданият 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X