Зеленский: «Жаңырган апта украиндиктер үчүн оор болот»
Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн түнү жалпыга кайрылуу жасады. Анда ал Россиянын армиясынын өлкө чыгышындагы ири аскердик чабуулдарына байланыштуу жаңырган апта украиндиктер үчүн оор болорун эскертти.
«Биз бул чабуулга азыртадан баштап даярдык көрүп баштадык. Албетте биз жооп беребиз», — деди ал. Зеленский дүйнө коомчулугун Россияга каршы мындан дагы катаал санкцияларды киргизүүгө чакыра тургандыгын айтты.
Акыркы маалыматтарга ылайык, азыркы учурда Россиянын куралдуу аскерлери Украинанын чыгышындагы аймактардагы атайын операциясын улантууда. Негизги операция Мариупол шаарынын айланасында жүргүзүлүп жатат.