Зер буюмдарга байланыштуу салык жеңилдигин алуу тартиби түшүндүрүлдү

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 52

Мамлекеттик салык кызматы алгачкы документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар боюнча салык төлөөчүлөр айрым жоопкерчиликтерден жана салык агентинин милдеттенмелерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, бул үчүн 2026-жылдын 1-мартына чейин электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасында тиешелүү электрондук документти тариздөө зарыл. Ошондой эле esf.salyk.kg сайтына кирип, «Сатып алуу» бөлүмүн тандап, андан соң ББЭД бөлүмчөсүнө өтүү керек. Экрандын жогорку оң бурчундагы «Кошуу» баскычын басып, «Баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар жөнүндө маалыматтарды киргизүү» деген талаага белги коюлат.

Белгиленген параметр тандалганда электрондук документ автоматтык түрдө түзүлөт. Салык төлөөчү документтин товардык бөлүгүн гана белгиленген тартипте толтурушу зарыл.

МСКнын эскертүүсүнө ылайык, бул электрондук документти кийин оңдоо же жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Ошондуктан маалыматтарды так жана катасыз толтуруу зарыл.

26-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X