Жаңы гимн лингвистикалык экспертизадан өтөт

26-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34

Жаңы гимндин варианттарына жарыялаган сынакка түшкөн тексттерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан сынактын жобосу иштелип чыгып, коомчулукка жарыяланат. Конкурска каалаган адам катыша алат. Мураталиев белгилегендей, экспертиза гимндин тексти кыргыз маданиятына, каада-салтына, дүйнө таанымына туура келээрин аныктоо үчүн жүргүзүлөт.

26-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X