Жаңы спорт комплекси ачылды

6-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин базасындагы жаңы спорт комплексинин ачылыш аземине катышты.

Заманбап борбордо күрөш залы, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, тамактануучу жай, заманбап жатаканалар, конференц-зал, окуу-машыгуу жана жыйындар үчүн кошумча бөлмөлөр каралган.

Күрөш залы заманбап килемдер жана грек-рим, эркин күрөш үчүн керектүү жабдуулар менен жабдылган. Комплексте машыгуу залдары, бир нече спорттук бөлмөлөр жана жалпы физикалык даярдык үчүн кардиозонаны камтыйт. Мындан тышкары, колледждин аймагында мечит курулган.

Камчыбек Ташиев комплексти ачуу аймактагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп, спортчуларды кесиптик даярдоого, жаштарды активдүү спортко тартууга жана маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн кошумчалады.

6-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X