Жаңы жылдык балаты 7000 оюнчук менен кооздолду
Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы балатысы жандырылат.
Бийиктиги жылдызын кошкондо 35 метрди түзгөн балатыны жасалгалоо үчүн 7000дей оюнчук жана жаңы жарыктандыруу колдонулду.
Ошондой эле 1500 чарчы метр аянттагы муз тебүүчү аянтча, жаңы жылдык үйлөр, фудкорт жана фотозоналар конокторду тосуп алат.
