Жаңы рекорд! Спортчу Алексей Тепляшин 100 тонналык темир жол вагонун ордунан жылдырды
22-апрелде спортчу Алексей Тепляшин 100 тонналык темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча рекорд койду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирет.
Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданып келген.
Маалыматка ылайык, спортчу жүк жүктөлгөн 4 вагонду дээрлик 8 метр аралыкка чейин сүйрөп барган. Вагондун жүгү менен кошкондогу салмагы 100 тонна 150 кг болгон.
Алексей Тепляшин темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча коюлган жаңы рекордду жалпы мекендештерине арналарын билдирген.

