"Эркин-Тоо"

Жаңы жылыбыз ак жолтой болсун!

Кыргыз Республикасынын эл акыны Абдыжапар ЭГЕМБЕРДИЕВ

“КУБАНЫЧКА АЙЛАНГАН ЖАКШЫЛЫКТАРЫБЫЗ КӨП БОЛСУН”

— Кечээ эле жаңы жыл тосуп жаткандай болдук эле, кайрадан кийинки жаңы жыл зымырап келип калды. Азыр баарыбыз байкап жүрөбүз, кийинки мезгилде жылдар көз ачыпжумгуча өтүп, убакыттын кунары кетип бараткандай сезилет. Жакында эле бир тааныш иним “Адамдардын пейили тарыганда, убакыттын берекеси кетет экен” деген пикирин айтты. Экинчиден, адам максат-тилектердин аркасынан кубалап жүрүп, өмүрдүн өтүп жатканына баам салбай калат экен. Эгер, өмүрүбүз өтүп баратканына маани берсек, жашообузду алда канча сапаттуу жашаганга мүмкүнчүлүгүбүз болмок деп ойлойм. Эми, адам кайсы куракта болсо дагы өзүн-өзү сын көз менен карап, артыкчылыгымды өнүктүрөйүн, кемчилигимди таштайын деп ойлонот экен. Андан сырткары, адамдын жашы жогорулаган сайын жеке өзү жөнүндөгү максат-пландары азайып, эл-журт, бала-чака жөнүндөгү ой-максаттары басымдуулук кыларын байкадым. Келерки жылда улуттук кубанычка айланган жакшылыктарыбыз көп болсун. Эли-журтубузда тынчтык, токчулук, молчулук болсун.


Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан САМЫЙКОЖО

“ЭЛИБИЗДЕ ТЫНЧТЫК БОЛСУН”

— Жашоодон жакшылыктарды күтүнүп жатып, өткөн учурдагы өкүнүчтүү окуяларды эскербей коё албайсың. Өтүп бараткан жылы кыргыз-тажик чекара чырындагы баатырларча курман болгон эр жигиттерибиздин эрдиги ар бирибиздин эсибизде. Келе жаткан жылда элибизде тынчтык болсун деп тилейбиз. Адамдардын ден соолугу жакшы болсо, улуттун саламаттыгы сак болот. Жетиштүү турмушта жашагысы келген эл эң биринчи кезекте адабият менен маданиятка маани берет. Демек, ириде маданият-адабиятыбызды көтөрүп алсак, алар элдин аңсезимин жакшы жакка бурат, тарбиялайт. Келе жаткан жылы мамлекетибиздин ар бир тармагында өсүү болушун каалайм.


Кыргыз Республикасынын эл акыны Азамат БОЛГОНБАЕВ

“ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА КЫЗУУ ИШТЕДИК”

— Өтүп бара жаткан 2022- жыл төкмө акындар үчүн жакшы жыл болду. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Улуттук “Манас” театры ачылды. Ал театрга төкмө акындар да кирип иштеп калышты. Заманыбыздын залкар акыны Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесин өткөрдүк. Кыргызстандын аймактарында бир нече айтыштар өттү. Коргоол атабыздын 140 жылдыгына арналган айтыш болду. Кыргыздын төкмө акындарын даңазалаган бир нече иш-чараларды өткөрдүк. Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры үчүн дагы жакшы жыл болду. Анткени быйыл эки чыгарманы сахналаштырдык. Бул театрдын имараты да жок экендигин жакшы билесиздер. Бирок, ошого карабай аракеттендик. Ошентип, 2022-жыл жалпы чыгармачылыкка жарналган жыл болуп, кызуу иштедик. Келе жаткан 2023-жылга да көп максаттарды коюп, ишке ашырууга аракет кылабыз.


КР куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын мурдагы башчысы, генерал-майор Райимберди ДҮЙШӨНБИЕВ

“ӨЛКӨБҮЗ ӨРГӨ КАРАЙ ӨСҮШКӨ САПАР АЛСЫН!”

— Эң ириде элжуртубузда тынччылык болсун! Элибиз аман, жерибиз бүтүн, өлкөбүз өргө карай өсүшкө сапар алсын! Ала-Тоо ичинде ырыскы, токчулук, тынччылык, байгерчилик өкүм сүрүп, оору-сыркоо, сасык тумоо эзели келгис болуп, айттырбай келген бөөдө кайгы, бөөдө кырсыктан тышкары бололу. Мекен чегин күзөтүшкөн аскерлерибизге Жараткан өзү жар болсун! Кыргызстан деген кемебизди чайпалтпай, бөксөртпөй, көздүн карегиндей сактап калалы. Баарыбыз үчүн эң ириде ушул олжо.


Радиодиктор Элмира АЖЫКАНОВА

“АДАМДАР КУБАНЫП ЖАШАСА, ЖАМАНДЫКТАР АЗАЯТ”

— Өткөн жылга салават. Дегеле өткөн өмүргө өктөө кылгым келбейт. Алты саным аман, төрт көзүм түгөл, ошого миң шүгүр кылам. Кайсы бир максат-тилектерим ишке ашпай калса, демек, өзүм күнөөлүүмүн. Биз дайыма Кудайга шылтайбыз. Кудай берейин деп эле турат. Ошого кол суна албаган өзүбүздө кеп бар. Келе жаткан коен жылы адамдардын ортосундагы жылуу мамилелерди, бирибирине кам көргөндөрдү жактырат экен. Илимий божомолдор боюнча 2023-жылда адамдардын жеке турмушунда ийгиликтер көп болот дешти. Эгер адамдардын кубанычы көп болсо – жер үстүндө жамандыктар азаят. Жаңы жылыбыз ак жолтой болсун! Берекенин жылы болсун!


 

Коомдук активист Мавлян АСКАРБЕКОВ

“КАДАМЫБЫЗ ЫНТЫМАККА БАГЫТТАЛСЫН”

— Бул жыл дүйнө жүзүндө тынч өткөн жок. Геосаясий абал курч бойдон турду. Анын таасиринде Кыргызстанга деле оңой болгон жок. Дүйнөдө болгон айрым согуштук аракеттер экономикага, саясатка терс таасирин тийгизди. Кыргызстанда дагы чек ара чыры чыгып, көп жоготуулар болду. Министрлер Кабинети мындай окуяларга, инфляцияга туруштук берүү үчүн ар кандай чечкиндүү кадамдарга барып, иштешти. Айлыктар көбөйтүлдү. Бирок, ошол эле учурда баалардын өсүшү да байкалды. Андыктан, 2023-жылы дүйнөдө жана биздин мамлекетте тынчтык болушун каалаймын. Коомдук-саясий тил табышуулар болуп, ынтымак орун алсын. Мамлекетибиздин өсүп, өнүгүшү баарыбыздын тилегибиз. Президентибиздин жаңы жылдагы биринчи кадамы ынтымакка багытталышы керек деп айтар элем.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№114 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 30-декабры

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!