Жайыл райондук прокуратурасынын жаңы имаратына мезгил кутучасы салынды
Чүй облусунун Жайыл райондук прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын курулушуна байланыштуу мезгил кутучасын салуу аземине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Аземди Чүй облусунун прокурору Азизбек Шарипович Шукурбеков салтанаттуу түрдө ачып, өз сөзүндө жаңы имараттын курулушу прокуратура органдарынын ишин сапаттуу деңгээлде уюштурууга, жарандарга укуктук кызматтарды ыкчам жана натыйжалуу көрсөтүүгө, ошондой эле кызматкерлер үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
Долбоорго ылайык, жаңы административдик имарат үч кабаттан туруп, жалпы аянты 753 чарчы метрди түзөт. Ошондой эле имаратта жыйындарды, жумушчу жолугушууларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган өзүнчө конференц-зал каралган.
Жаңы имараттын курулушу прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана Жайыл районунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.