"Эркин-Тоо"

Жакшысын тандайлы, антпесе башаламандык болот

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков кесиптештери сунуштаган жаңы ысымдардан бир гана вариант калтырууну сунуштады.

Белгилей кетсек, ЖК спикери Нурланбек Шакиев, эл өкүлдөрү Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев фамилиялардын төрт жаңы орфографиялык вариантын сунуштаган мыйзам долбоорун сунушташкан.

Мисалы, Бактыбеков Үсөн Жакшылыкович, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык,

Бактыбеков теги Үсөн,

Бактыбектеги Үсөн Жакшылыктын,

Бактыбек Үсөн

же Бактыбек Үсөн Жакшылык уулу деп көрсөтүлүшү мүмкүн.

«Өтө көп варианттар бар. Бир жакшысын тандайлы, антпесе башаламандык болот»,-деп депутат Сүйүнбек Өмүрзаков жаңы фамилияларга бир гана вариант калтырууну сунуштады

Аны депутат Алишер Козуев колдоп, фамилия жазууда эл аралык нормаларды сактоого чакырды. «Адегенде адамдын аты жана атасынын аты гана көрсөтүлгөндө биринчи аты же фамилиясы жазылаарын аныктайлы», — деди.

Мирлан Самыйкожо Кыргызстанда паспортто адегенде фамилия, андан кийин аты жазылат деп жооп берди

Пример HTML-страницы