Жакында 70 кыргыз жараны Кореяда иш менен камсыздалат

15-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 32

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Хамянг округунун алмашуу жана кызматташуу боюнча департаментинин өкүлдөрү жана айыл, мал чарба бөлүмүнүн башчысы Джонг Сун У менен жолугушту. Жолугушууда Хамянг округу менен Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын ортосундагы достук алмашуу жөнүндө кол коюлган келишимдин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын 5 айга чейинки сезондук айыл чарба иштерине жалдоо программасын талкуулашты.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын 70 жаранын (9 жубайлар (18 адам), 42 аял жана 10 эркек) жөнөтүү боюнча макулдашууга жетишилди. Жумушчулар пияз, кулпунай, алма жана козу карын өстүрүүгө тартылат. Бул кыргыз жарандарды Корея Республикасына 5 айлык сезондук жумушка тартуунун биринчи кадамы. Мында Корея тараптын негизги шарты болуп контракт аяктаган соң жарандардын Кыргызстанга кайтып келүүсүнө КРнын жергиликтүү органынын кепилдиги эсептелет.

Бул программа ийгиликтүү ишке ашырылса Хамянг округунун администрациясы жыл сайын КРнын жарандарын сезондук иштерге тартып турат. Кыргыз жарандарынын контрактык негизде Кореяда сезондук иш менен камсыз болушу бул жакшы саамалык. Анткени, ал өлкөдө мыйзам күчтүү болгондуктан, иш менен камсыздалып, контракт менен барган мигрант адал эмгегин актагандай эмгек акыга ээ болоор анык. Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча корей тажрыйбасын изилдөөгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берилет. КРнын жарандары үчүн жакшы жашоо жана иштөө шарттары түзүлүп, алардын эмгек укуктарын сактоо боюнча чаралар көрүлөт.

Аида Исмаилова мындан тышкары дагы башка провинциялар жана райондору менен Кыргыз Республикасынын жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартуу боюнча активдүү иштерди улантып жатканын билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 15-апрелде Аида Исмаилованын Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп расмий иш баштаганына бир ай толду.

15-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X