Жал кичи районунда «Эко Сити» эс алуу жайы ачылды

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137

Бишкек шаарынын Жал кичи районунда тургундардын эс алуусуна, спорт менен машыгуусуна жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзгөн «Эко Сити» коомдук жайы пайдаланууга берилди.Үйгө жакын жердеги спорт, эс алуу жана көңүл ачуу: Жал кичи районунда «Эко Сити» ачылды | Мэрия

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров, Ленин районунун администрация башчысы Тариел Айтиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мэрдин айтымында, жаңы жай жашоочулардын кайрылуулары жана сунуштары эске алынып курулган. Ал мындай коомдук жайлар шаардыктардын жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталганын белгиледи.

Жалпы аянты 0,3 гектарды түзгөн аймакта кичи футбол талаасы, воркаут-зона, заманбап балдар аянтчасы жана шахмат ойноочу үстөлдөрү бар бастырма жайгашкан.

Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор салынып, отургучтар, таштанды челектери жана жарыктандыруу тутуму орнотулган.Үйгө жакын жердеги спорт, эс алуу жана көңүл ачуу: Жал кичи районунда «Эко Сити» ачылды | Мэрия

Курулуш жана көрктөндүрүү иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзгөн. Башкы подрядчы — «Кам Строй Групп» ЖЧКсы.

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X