Жалал-Абад шаарында жолдор оңдолот

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 29

Жалал-Абад шаарынын Пушкин, Загорный, Токтогул көчөлөрү асфальт менен төшөлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары М. Акматов, шаардагы тийиштүү мекеме жетекчилери Транспорт министрлиги тарабынан Жалал-Абад шаарында асфальт төшөлүүчү көчөлөрдү көрүшкөн.

 

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X