Жалал-Абадда 8-класстын окуучусу кармалды

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55

УКМК Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылындагы мектептерге жана бала бакчаларга карата пландалган террордук чабуулдар тууралуу билдирүүлөрдүн автору кармалганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү «Казарман реклама» аттуу баракчага Казарман айылындагы орто мектептерде жана бала бакчаларда террористтик актылар жасалары тууралуу билдирүү жарыяланган.

Аталган факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында бул билдирүүнү жазган Тогуз-Торо районундагы орто мектептердин биринин 8-классынын окуучусу Б.К. экени аныкталган. КР УКМКнын маалыматына караганда, ал интернет аркылуу тараган радикалдык мүнөздөгү материалдардын таасирине кабылып, мажбурлоо жана психологиялык басым астында аракет кылган.

Учурда бул факты боюнча КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле УКМК жарандарга оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жоопкерчилик 14 жаштан тартып караларын эскертет. Мыйзамга ылайык, террордук акт жасоо менен коркутуу үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X